vachach.net » Новинки музыки » Ильяз Андаш - Кыргыз жерим

Ильяз Андаш - Кыргыз жерим

Прослушайте и скачайте песню вашей любимой исполнитель Ильяз Андаш " Кыргыз жерим". Кроме того, оставьте комментарий к этой песне, благодарим вас за ваше внимание!
  • Скачано: 1
  • Размер MP3: 3.83 MB
  • Длительность MP3: 3:59
  • Качество MP3: 134
  • Дата релиза: 11 июль 2025
Текст песни
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде
Аскасы көк асманга тийген кезде
Мен дагы жолго чыгам танды тосо
Кучактайм ой кырларын нурга кошо
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн

Ысык-Көл жердин көркү кырлар кашы
Адырлар көкүрөгү, токой чачы
Дайралар кан тамыры чоку тажы
Сендеби топчулары ар бир ташы
Кең туздуу, гүл денелүү кыргыз жери
Күн жүздүү берекелүү кыргыз жери
Күн жүздүү берекелүү кыргыз жери

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде
Көл чалкып тоолор койнун ачкан кезде
Дил жаркып таң күлкүсүн чачкан кезде
Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери
Сезилет ата-энелик мээримдери
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн
Комментарии
Vachach.Net - Каталог лучших хитов. Вы можете слушать и скачивать казахские, турецкие и другие популярные песни с сайта. Вы так же можете прослушать эти песни через YouTube на странице. А так же можете ознакомиться с текстами песен.
© VACHACH MUSIC 2022. Пишите письма на: [email protected]